Жети-Өгүздө улак тартышта эки айылдын улакчылары чырдаша кетип, мушташтан 34 жаштагы жигит каза болду

Ысык-Көлдөгү улак тартышта 34 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

10-октябрь күнү Жети-Өгүз райондук милициясына Тилекмат айылынын 2002-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси ошол эле күнү саат 13:00 чамасында Жеңиш айылында өткөн улак тартыштын жүрүшүндө Саруу айылынын эки тургуну тарабынан сабалганын билдирген. Ошол эле күнү саат 12:30 чамасында Тилекмат жана Саруу айылдарынын командаларынын ортосунда өткөн оюнда пикир келишпестиктен улам чыр-чатак чыкканы маалым болгон. Окуянын кесепетинен Тилекмат айылынын 1991-жылы туулган тургуну жаракат алып, эсине келбей көз жумган.

Эки факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Ден-соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү”) жана 280-беренесинин (“Бейбаштык”) негизинде кылмыш иштери козголгон. Шектүү катары 4 жаран кармалып, 2 айга камакка алынган.