Жети-Өгүздө зордукталган кыз Бишкекте медициналык кароодон өтүп жатат

Жети-Өгүздө зордукталган 9 жаштагы кыз Бишкекте медициналык кароодон өтүп жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул окуя министрдин көзөмөлүндө.

Ведомствонун маалыматы боюнча, аймактык башкармалыктын кызматкерлери баланы жана үй-бүлөнү экспертизадан жана тергөөнүн башка этаптарынан өтүүдө коштоп жүрүшөт. Балага жана үй-бүлөгө психологиялык, медициналык, юридикалык жардам көрсөтүлдү.

«Учурда Бишкекте зомбулукка кабылган кыз медициналык кароодон өтүп жатат. Башкармалык ошондой эле Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна жашы жете электер менен иштөөнүн жеке планын иштеп чыгып, кароого киргизди, ал жардамдын бардык түрлөрүн камтыйт», — деп айтылат маалыматта.