Жети-Өгүздөгү үрөй учурган жол кырсыкта каза болгон келиндин 3 баласы бар

Социалдык тармактын колдонуучулары Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылында катталган үрөй учурган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Видеонун автору кырсык 21-мартта катталганын, анын кесепетинен 2 аял киши каза болгонун жазды. Видеодон көргөндөй, жолдо токтоп турган унааны катуу ылдамдык менен дагы бир унаа сүзүп кеткен.

Ысык-Көл ОИИБден кырсык тууралуу маалымат беришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кошуналары каза болгон келин менен анын жолдошу 3 бала тарбиялап келишкенин айтышты. Маалыматка караганда, алардын 2 кыз, 1 уулу бар. Кошунасынын айтымында, алар ошол күнү коноктон үйүнө кетели деп, унаага түшүп жатышкан. Алар Каракол шаарында турушчу. Жергиликтүү ЖМКлар келиндин жерге берилгенин жазышты.