Жети-Өгүздөгү үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылында катталган үрөй учурган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Видеонун автору кырсык 21-мартта катталганын, анын кесепетинен 2 аял киши каза болгонун жазды. Видеодон көргөндөй, жолдо токтоп турган унааны катуу ылдамдык менен дагы бир унаа сүзүп кеткен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышканыбызда окуя такталып жатканын айтышты.