Жеткинчектерди мушташтырып, тамаша кылган аялдардын видеосу тарады. Бул боюнча милиция кызматы эмне дейт? (видео)

Социалдык тармактарга жашы жете элек кыз менен баланы мушташтырып, ажыраткандын ордуна аларды козутуп турган аялдардын видеосу коомчулукка тарады. Видеодон аял кызга «бетине чап», «бутуң менен муунт», «тил кайтарган кандай болорун билсин» деп үйрөтүп жатканын угууга болот. Эркек киши ажыратайын десе, «жезде, тийбеңиз» деп ага да жооп кайтарат. Видеонун аягында аял менен эркек киши мушташып кеткенин көрүүгө болот. Аталган окуя боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

— Видео 2 күн мурун социалдык тармактарга тарап баштаган. Андагы сүйлөшкөндөрүнө караганда түштүк акцент бар. Бирок түштүктөгүлөр түндүктө деле жашашы мүмкүн да. Андыктан өлкө боюнча Ички иштер башкармалыгына бул тууралуу маалымат берилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Азырынча маалымат кайда болгону, окуяга катыштыгы бар жарандардын аты-жөнү тактала элек.