«Жибине оролуп, муунуп калган». Ысык-Көлдө 12 жаштагы өспүрүм көз жумду

иллюстрация

Ысык-Көлдөгү Кабак айылында мектеп окуучусу көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигие Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 20-сентябрда катталган. Анда 12 жаштагы өспүрүм үйүндөгү гаражда илинип турган груша менен ойноп жатып, жибине оролуп, көз жумган. Маркум Кабак айылынын Аманбаев атындагы орто мектебинин окуучусу болгон.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында баланын денесинде эч кандай жаракат жок экендиги такталды.