Депутат Рыскелди Момбеков ИИМде сурак берип жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ИИМде сурак берип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү ырастады. Алдын ала маалымат боюнча, сурак өткөн жылдын октябрь айындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу.

2020-жылдын 5-6-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы митингдер өткөн. Ал  башаламандык менен коштолгон. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, жокко чыгарууга аргасыз болгон. Митингдер бийликтин алмашуусуна алып келген.