ЖКККББ: Автобус жана маршруттук унааларга көзөмөл күчөтүлөт

ИИМдин эки айлык иш мерчеминин негизинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы башкы башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана жалпы коомдук транспорттордун айдоочуларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Анда соңку учурлардагы адам өлүмү менен коштолгон автобустардын, маршруттук унаалардын катышуусунда катталып жаткан жол кырсыктары эскерилип, алардын алдын алуу максатында айдоочулардын айдоо маданиятын жогорулатуу, каттам учурунда кардар талашып, каттуу айдаган, жол чырактарга баш ийбеген, уюлдук телефонго алаксыган, унаа башкаруу учурунда тамеки чеккен, жүргүнчүлөрдү туура эмес жерлерден салган же түшүргөн айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыл башынан тартып, автобус, маршрут өңдүү жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын катышуусунда 254 жол кырсыгы катталып, 450 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алып, тилеке каршы 31 жаран көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бир топ пайызга азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй болуп калууда. Ал эми ЖКККББгы тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана маршруттук унааларга карата жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн, 4692 Укук бузуу протоколдору түзүлүп, 377 айдоочу кызматынан четтетилген.