ЖКККББ: «Мас абалында рулга отурган айдоочуларга жаза күчөтүлөт»

ИИМдин ЖКККББнын жетекчиси Азамат Исраилов бүгүн, 18-июль күнү өткөн жыйында мас абалында рулга отурган айдоочуларга карата жаза күчөтүлөрүн маалымдады.

«Быйылкы жылдын эсебинен мас абалында руль башкарган 1700 адам кармалды. Учурда мас айдоочулардын жазасын күчөтүү боюнча жаңы долбоор Жогорку Кеңеште кароодо турат. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, мас абалында унаа башкаргандар 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Эгер андан кийин 3 жыл аралыгында дагы мас абалында рулга отурган болсо, ага административдик чара көрүлөт. Эгер мас айдоочунун айынан жол кырсыгы катталса, ага 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чечими каралат. Ал эми кырсыктан жабыркагандар болсо мас айдоочу өмүр бою айдоочулук укуктан ажыратылат«, — деп билдирген Исраилов.