Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбеков кармалып, камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 6-декабрда УКМК маалымат таратып, Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Андан кийин БШК Акбөкөн Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ошол эле күнү Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.