Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолдошу кармалды

УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Дюшембиева Элиза Бакытовна тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (добуштарды сатып алуу) белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

24-ноябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган партиянын каттоодо турбаган 8 агитаторуна Тойбеков Ырысбек Орманкулович (талапкердин жолдошу) тарабынан Ысык-Ата районунун тургундарынын ичинен шайлоочуларды сатып алуу фактысын уюштуруу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилгендиги аныкталды.

Ырысбек Тойбековдун мыйзамсыз иштерин эсепке алуу, документтештирүү жана бөгөт коюу максатында, 27-ноябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагынан ал 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды, жеке буюмдарын кароо учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин үгүт баракчалары табылган. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.