Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Такталгандай, ал 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон. Андан кийин жогорудагы университет тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алууга колдонуп жана Жогорку Кеңештин депутаты активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде экинчи жогорку билим алган.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен алынган жоопко ылайык, ал университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМКнын маалыматында жасалма дипломду колдонууга шектүүнүн аты-жөнү З.Т.З. деген инициал менен берилген. Аталган инициалга жана вице-спикерликти аркалап, КСДП фракциясынан депутат болгон деген аныктамага Зулпукаров Төрөбай Закирович туура келет.