Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев камакка алынды

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кармалып, эки айга камакка алынды. Ага карата бөгөт коюу чарасы боюнча чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Кайсы иштин алкагында кармалгандыгы тууралуу расмий маалымат азырынча белгисиз.