Жогорку Кеңештин депутаты УКМК тарабынан кармалды

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты кармалганын билдирип, бирок анын аты-жөнүн ачыкка чыгарбай койду. «Ал 8 жыл мурда чоң кылмыш кылганы үчүн азыр мамлекетке ири суммадагы акчаны кайтарып жатат. Жарымын төлөдү», — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасынын айтымында, ар бир чиновник жана ар бир депутат тапшырган декларациясына ылайык текшерүүдөн өтөт.