Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоев бир айга камакта калды

Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин милиция маалымат таратып, мурдагы депутаттын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен айыпталып жатканын билдирген.