Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков кармалды

2020-жылы өлкөнүн парламенттик шайлоо учурундагы дагы бир алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

16-сентябрда жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгынын жана алынган далилдердин негизинде экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакын арада анын бөгөт чарасы тандалат.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов алдамчылык фактысы боюнча кармалган. Арыз ээси «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири менен келишим түзгөнүн, 2020-жылдын июнь айында БШКнын мүчөсү арыз ээсинен 2020-жылдын күзүнө белгиленген парламентик шайлоодо жогорудагы партиядан депутаттыкка талапкердин биринчи «бештигине» киргизгени үчүн 550 миң доллар алганын, бирок алар убадасын аткарбай, жабырлануучуга 300 миң долларды кайтарып берип, 250 миң долларды өздөштүрүп алышканын айткан.