ИИМдин кызматкерлери билим берүү тармагындагы паракорлук фактыларын аныкташты. Буга чейин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилигине Ош облусунун Ноокат районунун тургунунан арыз түшкөн. Арызда 2014-жылы абитуриенттин апасы, Ноокат районунун тургуну Ош шаарындагы жогорку окуу жайдын биринин кафедра башчысына кызын жогорку окуу жайга өткөргөнү үчүн 75 миң рубль бергени көрсөтүлгөн. Маалым болгондой, 2019-жылы ошол эле окутуучусу айрым керектүү документтерди толтуруу үчүн 19 миң сом, 2022-жылы жогорку билими тууралуу диплом үчүн 20 миң сом алган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Жабыркаган тараптын айтымында, жогорку окуу жайдын кызматкери “кайра-кайра келүүнүн кереги жок баары жакшы” деп ишендирген. 2024-жылы абитуриенттин апасынан кайрадан акча сурашкан, бирок бул жолу ал жогоруда аталган жогорку окуу жайга келип, кызын студенттердин тизмесинен текшерген учурда, тизмеде жок болгон. Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 2-бөлүгү «Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу» менен кылмыш иши козголгон.
Аталган жарандын кызы бул окуу жайга тапшырып өтпөгөндүгү аныкталган. 10 жыл бою университеттин кызматкери аларды (апасы менен кызын) адаштырып келген. Бул жерде окуу жайдын кызматкеринин аракетинде алдамчылыктын белгилери да бар. 2024-жылдын октябрынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин кафедра башчысы мурда алынган 115 миң сом өлчөмүндө акча каражатын кенемте катары кайтарып берип жаткан учурда кармалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.