Жогорку Сот Аида Салянованын адвокаттык лицензияга байланышкан иштин өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку Сот мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайра кароодон баш тартып, мурунку өкүмдү күчүндө калтырды. Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим бүгүн, 27-январда кабыл алынды.

Соттун мурунку чыгарылган өкүмүнө караганда, ал 2010-жылы Салянова юстиция министри болуп турганда Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартканы үчүн күнөөлүү деп табылган.

2019-жылдын декабрь айында Жогорку Сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес. Буга байланыштуу анын жактоочулары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылышкан.

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны мурдагы башкы прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.