Жогорку Сот: «Башкы прокуратура Батукаевдин иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар боюнча өтүнүч келтирди»

12-октябрда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча өтүнүчтү канааттандырды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. 

«Жогорку Соттун 2020-жылдын 30-ноябрындагы токтому жокко чыгарылып, иш кассациялык тартипте жаңы кароого жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин эки инстанциянын соту бул иш боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан. Сот аны Кылмыш кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле, өкүмдөр башка айыпталуучуларга да жарыяланды. 2020-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, ишти жаңы соттук териштирүү үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн болчу.