Жогорку Сот Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ишти кайра кароодон баш тартты

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Сотто, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо боюнча сот отуруму өттү.

Аталган иш боюнча Токтомамбетов төрагалык кылды. Ал эми коллегиянын калган судьялары Эшалиев жана Сыдыков болушту.

Тараптар пикирлерин айтып бүткөн соң, соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ишти карап чыгуу жөнүндө адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырарлык эмес деп тапты.

Чечим акыркы чечим болуп саналат жана аны өзгөртүү мүмкүн эмес.