Жогорку сот «Элдик парламенттин» жетекчилерин актады

Жогорку соттун бүгүн, 17-февралдагы чечими менен Төрөбай Көлүбаевдин жана Марат Султанов менен Бекболот Талгарбековдун жактоочусунун ишти жаңы жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүчү канааттандырылды.

Жогорку сот билдиргендей, Биринчи май райондук сотунун 2017-жылы 2-августта чыгарылган, Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылы 13-ноябрда чыгарылган жана Жогорку соттун 2018-жылы 25-августта чыгарылган өкүмдөрү прокурордун корутундусу жана Жазык-процессуалдык кодексинин 446-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде жокко чыгарылды.

«Ошондой эле кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулду»,— деп айтылат Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматында.

2016-жылы УКМК «Элдик парламент» бирикмесинин жетекчилеринин үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Алар бийликти күч менен басып алууга аракеттенишкен деп айыпталышкан.

«Чогулган материалдарга ылайык, Б.Т., Т.К. жана бирикменин башка мүчөлөрү өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган акцияларды уюштурууну, ошондой эле бийликти күч менен басып алуу үчүн мыйзамсыз иштерди жасоону көздөшкөн. Б.Т., Т.К. жана башкалар бул кылмыштуу максатты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик кызмат адамдарына курал-жарак пайдаланып, зомбулук көрсөтүүнү ойлоп жүрүшкөнү аныкталган»,— деп билдирген 2016-жылы УКМК.

Биринчи май райондук соту аталган иш боюнча 2017-жылы 2 августта төмөндөгүдөй өкүм чыгарган:

— Төрөбай Көлүбаев — 14 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркинен ажыратылган. Ошондой эле 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыртылган. Жазасы 2016-жылы 13-майдан баштап саналмак;

— Бекболот Талгарбеков — 14 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркинен ажыратылган. Ошондой эле 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыртылган. Жазасы 2016-жылы 13-майдан баштап саналмак;

— Марат Султанов — 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркинен ажыратылган. Ошондой эле 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыртылган. Жазасы 2016-жылы 13-майдан баштап саналмак;

— Тойгонбек Калматов — шарттуу түрдө 5 жылга кесилген;

— Александр Гусев — шарттуу түрдө 6 жылга кесилген;