Жогорку Cот «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновдун өкүмүн жокко чыгарды

Жогорку Сот «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досоновго козголгон кылмыш ишине чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Cоттон билдиришти.

Басма сөз кызматы судья эмненин негизинде мындай чечим чыгарганын айткан жок. «Эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылып, иш жаңы курамдагы биринчи инстанциядагы соттун кароосуна жиберилди», — дешти.

11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында «Женго» каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын «көзөмөлдөгөн кримтөбөл» деген Кадыр Досонов кармалган.