Жогорку Сот тарабынан Каныбек Бакиевдин өкүмдөрү жокко чыгарылды

Оң жактагы биринчи адам

Жогорку Соттун 27-апрелиндеги чечими менен Каныбек Бакиевдин кылмыш иши боюнча Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2020-жылдын 10-декабрындагы өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегендигине, процесстик мыйзам бузууларга байланыштуу, ошондой эле соттордун корутундулары менен иш жүзүндөгү жагдайлар дал келбегендиктен, кылмыш иши Жалал-Абад шаардык сотуна жаңы кароого жөнөтүлдү. Прокуратуранын арызы канааттандырылган. Жактоочунун Бакиев Каныбек Салиевичтин кызыкчылыгын коргоп, аны толугу менен актагандыгы жөнүндө кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.