Жогорку Соттун алдында Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат

Бишкекте Жогорку Соттун имаратынын жанында экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүүдө.

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин карайт. Соттук отурум жабык өтөт. Чогулгандар Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун талап кылышууда. 

Кечээ, 21-декабрда экс-президенттин эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылганы маалым болгон.