Сокулуктагы тоого кеткен аңчы дагы эле табыла элек

Сокулуктагы тоодо дайынсыз болгон жаранды милиция да издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-ноябрда милицияга Дмитрий Забуновдун жубайы кайрылып, 1971-жылы туулган жолдошу 27-ноябрда Сокулуктагы тоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө ал аңчылыкка 1961-жылы туулган досу менен кеткени маалым болгон. Саат 17:30 чамасында болжолдуу Кичи-Тоо аймагында текени аткан. Забунов текени алууга кеткен бойдон жок болуп кеткен. Досу кеч кирип кеткендиктен кайтууга аргасыз болгон. Учурда териштирүү уланууда.