Жол эрежени одоно бузган айдоочу айыпка жыгылды (видео)

Одоно жол эрежесин бузган той кортежине 55 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармактарда Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коомго коркунуч жаратып, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, одоно жол эрежесин бузуп айдап бара жаткандыгы тартылган видео тараган.

Жол тескөөчүлөр Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасын таап, айдоочусуна карата автоээнбаштык жасагандыгы, терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандыгы жана жасалма номур тагып айдагандыгы үчүн 55 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту. Жанында чогу жүргөн унаалар да изделүүдө.