Жол жээгиндеги балдарды эске албай, автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды

Социалдык тармактарда жол эрежесин одоно бузуп, жол жээгиндеги өспүрүмдөргө коркунуч жараткан ак түстөгү LEXUS LX 570 үлгүсүндөгү унаа боюнча видео тараган.

Бул видео чыгаар замат Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, унаанын 1973-жылы туулган айдоочусун таап, атайын коомдун тынчын бузуу менен автоээнбаштык жасагандыгы жана айдоочулук күбөлүгүндө тийиштүү категориясы жок болгондугу үчүн 16 миң сом айып салышып, унаасын айып короо жайына токтотушту.