Жол кирени көтөргөн Ысык-Көлгө каттаган айдоочулар текшерилүүдө

Ысык-Көл жана башка аймактарга каттаган айдоочулар арасынан жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алгандарга көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

«Дем алыш күндөрүндө шаар тургундарынын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунун аймагына каттоодо. Ошого байланыштуу Бишкек шаарынын аймагынан сырткары каттаган маршруттук жана жеке таксилердин айдоочулары жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алган фактылар катталууда. Мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында кайгуул кызматкерлери автобекеттерде маршруттук унаалардын кирип-чыгуу тартибин, унаалардын техникалык абалын жана жол кире акыларын көзөмөлгө алууда», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Кайгуул кызматы эгер ушундай фактылар катталган болсо 0509 102 122 WhatsApp номуруна сүрөт жана видео кылып жөнөтүүгө боло турганын эскертет.