Жол кырсыгын жаратып качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте кечээ, 25-февралда кызыл түстөгү “Toyota Camry” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу бүгүн, 26-февралда кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кайгуул кызматынын өздүк курамы тарабынан багыттамадагы авто унааны издеп табуу тууралу иш-чаралар жүргүзүлүп, көп өтпөй Махатма Ганди жана Түлебердиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Toyota Camry” үлгүсүндөгү авто унаанын А.И. атуу айдоочусу кармалган.

Учурда аталган факты Жол кырсыктарын тергөө боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, кармалган айдоочунун унаасы убактылуу токтоочу жайга киргизилген.