«Жол кырсыгына кабылдым, 30 миң сом сал». Чүйдө жаран абакта жаткан кишиге алданып калган

Сокулукта телефон алдамчылыгы аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга жаран арыз менен кайрылып, кошунасынын атын жамынып, жол кырсыгына кабылганын айтып, 30 миң сом салып туруусун суранган. Ошол менен жөн калбай кайра чалып, 17 миң сом сураган. Ошол учурда ал кошунасын көрүп калып, алданып калганын билген.

Милиция жабырлануучу менен бирге шектүүнү кармоонун планын түзүшкөн. План боюнча жабырлануучу акчаны Шопоков шаарындагы тууганынан алып, ага бермек болот. Бирок жолугушууга таксинин айдоочусу барган. Айдоочу ага буйрутма 17 миң сом сураган номурдан түшкөнү маалым болгон. Айдоочу менен биргеликте көрсөтүлгөн дарекке барышкан. Кыз чыгып, «анын курбусунун жигити акча алып кой» дегенин айткан. Иш-чаранын жүрүшүндө шектүүнүн абакта жаткан жаран экени аныкталган. Ал тергөөнүн жүрүшүндө алган акчаны кайтарып берген.