Жол кырсыкта жабыркаган блогер Аружан Бекешеваны Оштогу ооруканада коридорго жаткырып коюшканбы? Жетекчи жооп берди

Ош облустук оорукананын жамааты кечээ, 26-декабрда жаңы жылдык кече өткөрүп, бейтаптарды коридордо күттүрүштү. Бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасына блогер Аружан Бекешева жазды.

Аны «Тез жардам» унаасы менен Баткенден Ошко жеткиришкен. Бирок облустук клиникада дароо кабыл албай, рентгенге дагы түшүрүшкөн эмес. Анын айтымында, буга дарыгерлердин кечеси себеп болгон. «Достор Ош облустук оорукананын коридорунда жатам, себеби бүгүн корпоратив экен. Рентгенге дагы ушуга байланыштуу түшүрбөйбүз дешти», — дейт ал.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ош облустук оорукананын жетекчиси Атабек Жумалиев менен байланыштык. «Ал Баткенде жол кырсыкка кабылып, ооруканага түшкөн экен. Өзүлөрү Ошко которулууну чечип келишиптир. Эч кандай коридордо жаткан эмес. Ооруканада көзөмөл камералар бар. Анда жаракаты жеңилдерди башка палатага которуп, керебетин иреттегенче 2 мүнөт 40 секунд коридордо болуп калган. Анткени ага функционалдык керебет керек болчу. Азыр абалы жакшы. Нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды. Биз жаңы жылдык кече эмес, Ош окуясында да оорукананы таштап кеткен эмеспиз», — деди ал.