«Жол кырсыктын кесепетинен коляскада отуруп калдым» дейт акыйкат издеген аял

Адвокат Шердор Абдыкапаров жол кырсыкка кабылып, бирок милиция кызматкерлеринин айынан иштин тергелбей жатканына нааразы болгон аял тууралуу жазып чыкты.

Аялдын айтымында, жол кырсык былтыр 2-декабрда Бишкек-Нарын жолунда катталган. Таксиде келини, дагы бир кыз үчөө жол кырсыкка кабылган. «Айдоочу жогорку ылдамдыкта бара жатып, КамАЗдын алдына кирип кеткен. Мен аябай көп жаракат алдым. 12 кабыргам, жамбаш сөөгүм, баш сөөгүмдөн жаракат алдым. Көзүмдүн көрүүсү начарлады. Ушуга чейин абалым начар, коляскада отуруп калдым. Таксинин айдоочусу мурдагы милиция кызматкери. Кыз дагы Нарын ОИИБдин кызматкери. Авария болгон түнү ошол кызды эле оор жаракат алган деп жыйынтык чыгарып беришкен. Биздин жаракаттарды жеңил деп коюшкан. Тергөөчүлөр ушуга чейин келе элек, буга ким жооптуу болот?» — дейт акыйкат издеген аял.