«Жол талашып». Маевкада 28 жаштагы жигит аял кишиге кол салган делүүдө

Ээнбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-августта Аламүдүн районунун Маевка айылында болгон. Шектүү жаран Toyota Avensis унаасын башкарып бара жатып, өзүнүн унаасын айдап бара жаткан аял киши менен жол талашкан. Жаран агрессивдүү боло баштаганда, аял аны видеого тарта баштайт. Киши аялдын телефонун тартып алуу үчүн кол салган. Ошол эле учурда, ээнбаштыкка шектелген жаран балдары менен болгон.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча катталган. Милиция шектүүнү кармады. Анын 1993-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.