Жол тескөөчүгө кол көтөргөн айдоочу кармалды

Жол тескөөчүгө кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 1-сентябрь күнү Москва РИИБи боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан “Бахус” аталышындагы рейд учурунда Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаасы токтотулуп текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда унаанын айдоочусу кызматкердин талабына баш ийбестен каршылык көрсөтүп, кол көтөргөн. Анын кесепетинен кызматкер райондук ооруканага жеткирилген.

Бул факты Москва РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, Жазык кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкери тарабынан жогорудагы окуяга шектүү 1991-жылы туулган жаран кармалып, Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.