Жол тескөөчүлөрдөн качкан унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги 5 кишинин үчөө ошол жерден жан берди

Жол тескөөчүлөрдөн качкан унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги 5 кишинин үчөө ошол жерден жан берди. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

31-январь күнү таңкы саат алты жарымдар чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Шаардык милициянын Кайгуул кызматынын инспекторлору Субару Легаси үлгүсүндөгү унаага бир адамды күчтөп салып жатканын байкашкан. Патрулчулар унаанын артынан жөнөшкөн. 

Милиция кызматкерлери айдоочудан текшерүү үчүн токтотууну талап кылышканда, айдоочу аларга баш ийбей койгон. Айдоочу ылдамдыкты ашырып, патрулдук милициядан из жашыра баштаган. Натыйжада алар кыймылды токтотууну талап кылышып, кууп чыгышкан. Бирок унаа патрулдан чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Субару унаасы качып бара жатып, Төмөнкү Ала-Арча айылында кырсыкка кабылган. Патрулдук милициядан билдиришкендей, айдоочу катуу ылдамдыкта даракты сүзүп, андан соң Тоголок Молдо-Саадаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир бетон тосмону сүзгөн. Патрулдук милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын да чакырышканын белгиледи. Субаруда беш адам болгон, алардын үчөө ошол жерден каза болгон. Алардын өздүгү такталган. Ооруканага 2003 жана 2005-жылы туулган жарандар жеткирилген.