Жол тескөөчүнү сүзүп кете жаздаган айдоочу кармалып, кечирим сурады (видео)

Автобейбаштык жасаган жана кызматкерди сүзүп кете жаздаган унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Дем алыш күнү түнкүсүн «Манас» эл аралык аэропортуна баруучу унаа жолунда унаа жарыш уюштурушкан. Алар жол тескөөчүлөргө баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн. Жалпысынан 12 айдоочусу кармалып, баарына 15 миң сомдон айып салуу менен унаасы айып короо жайына киргизилди.

Ал эми айдоочуларын андан ары тийиштү чара көрүү үчүн тергөө кызматтарына жеткирилүүдө.

Жол тескөөчүгө баш ийбей, аны сүзүп кете жаздаган айдоочу күнөөсүн мойнуна аларын айтып, кечирим сурады.