Жол тескөөчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды (видео)

Бишкек-Манас аэропорту жолунда жол тескөөчүгө баш ийбей, аны сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

25-август күнү саат 03:00 чамасында Учкун айылына жакын жайгашкан Бишкек-Манас унаа жолунда инспектор жол коопсуздугун камсыздоо учурунда авто жарыштар болуп жаткандыгы тууралуу маалымат алган. Жол эрежесин бузгандыгы үчүн милиция кызматкери БМВ 5 маркасындагы унааны токтоткондо айдоочу мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, МАИ кызматкерин сүзүп кеткен. Натыйжада, кызматкер ар кандай дене жаракаттары менен медициналык жардам алууга кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык (бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамга каршылык көрсөтүү менен бейбаштык жасалган) кылмыш иши козголду.

Тергөө кызматына 2004-жылы туулган жаран аныкталып, жеткирилген. Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесине (авто ээнбаштык) ылайык протокол түзүлуп, унаа атайын айып токтотуучу жайга киргизилди. Ал эми шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.