Жолдо дрифт уюштуруп, унаадан салют аттыргандар 15 миң сомго айыпка жыгылды

Буга чейин социалдык тармактаррда дрифт уюштурган айдоочу, унаанын ичинде отуруп салют аттырган жүргүнчүсүнүн видеосу тараган.

ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан автоээнбаштык жасаган айдоочу аныкталып, 15 миң сом айып салынганын билдирди.