«Жолдон чыгып, бакты сүзгөн». Чүйдөгү жол кырсыктан 2 адам көз жумду (сүрөт)

Чүйдөгү жол кырсыктан 2 адам көз жумуп, бирөө жараат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 27-октябрда саат 07:52 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында катталган. Анда Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши жана 1 эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган, куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жаран жеке унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилди.