Жолдордун тайгактыгынан Бишкекте бир суткада 19 жол кырсыгы катталды

Туруксуз аба ырайынан жана кардын жаашынан улам жолдор тайгак болуп, өткөн сутка ичинде Бишкекте 19 жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бир суткада катталган 19 жол кырсыгынын кесепетинен 49 жаран жаракат алды. Жол кырсыктары көп учурда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн жана жол кыймылынын эрежелерин бузуудан болуп жатат. Мындан улам коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо үчүн15-марттан 18-мартка чейин Бишкек шаарынын аймагында атайын рейд жүргүзүлөт», — дешти мекемеден.

Патрулдук милиция айдоочуларды жол эрежелерин тыкыр сактоого чакырат.