«Жолдошум «атаңды атып кеткен кишини кечирсең каматпайм деп жатат» дейт кызын сабап, камакка алынган келин

Кечээ, 2-январда Баткенде 2 жаштагы кызын сабап, видеодо тарткан келиндин бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакка алынды. Соттук отурумдан кийин «Турмуш» басылмасынын кабарчысы милиция алып кетип жаткан келинге бир нече суроо берип жетишкен. Анда келин жолдошунун койгон талабын айтып берген.

«Баласын урду деп чечим чыгарды. Тергөөчү камап бер деди. Баламдын бетинде кызарганы жок болсо да, кызарган деди. Жолдошум «атамды атып кеткен кишини кечирсең, тосмо арыз жазам» деди. Мага кечиресиң деп суранып жатат», — деди ал.

Өткөн жылдын октябрь айында, тактап айтканда, мындан 3 ай мурда келиндин атасы менен бир тууганын үйүндө атып кетишкен. Келин атасы менен агасынын өлүмүнөн кийин стрессте жүргөнүн айткан.