«Жолдошум көгала кылып сабап салды» деген аялдын видеосу тарады. Милиция эмне дейт?

Социалдык тармакта «Жолдошум 6 жылдан бери сабайт» деген аялдын видеосу тарады.

«Өзгөндөгү ооруканадан келдим. Мен жолдошум менен жашаганыма 6 жыл болду. 6 жылдан бери кордук көрүп келем. Уруштун баары майда-чүйдөдөн чыгат. Көгала кылып сабап салды. Азыр башымды көтөрсөм, ооруп жатат» деген аял ата-энеси жок экенин, инисине эч нерсе айтпоого аракет кыларын айтат. Видео боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.

«20-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Төрт-Көл айыл аймагынын 1988-жылы туулган тургуну денесинен жараат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү коргоо ордери берилген. Окуя боюнча анын жолдошу 1983-жылы туулган жаран тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган. Алгачкы текшерүү учурунда жабырлануучу окуя боюнча арыз жазуудан баш тарткан.  Учурда дайындалган экспертизанын корутундусу чыга элек, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

2023-жылдын 31-май күнү жабырлануучу Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда үйүндө жолдошу сөгүп, тынчтык бербей жатканын билдирген. Бирок арыздануучу дайындалган экспертизадан өтпөгөндүгүгү аныкталып, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган. Коргоо ордери убагында берилген. Жабырлануучу менен жолдошунун ортосунда 2 баласы бар.

29-май күнү Өзгөн РИИБге жабырлануучу келип, мыйзамга ылайык чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазды», — деп айтылат маалыматта.