Жолдошунан сокку жеп, тепкичтен кулаган келин клубдун администрациясына каршы арыз жазды

Караоке-клубда жолдошунан сокку жеп, тепкичтен кулаган келиндин окуясы боюнча дагы бир кылмыш иши козголду. Келин клубдун администрациясына карата арыз жазды.

Видео социалдык тармактарга тарап кеткен. Кадрлардан эркек кишинин аял кишини чыканагы менен бетине уруп жибергени тартылган. Кыз тепкичтен ылдый кулап түшкөн. Кийинчерээк милиция уруш аялы менен күйөөсүнүн ортосунда чыкканын айткан. Клубдун администратору буга байланыштуу ал «102» кызматына кабарлоону, милиция кызматкерлерине чалууну сунуштаган, бирок ал жолдошу экенин, анын белгисиз тарапка кеткенин айтып, жардамдан баш тарткан. Факты реестрге катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

1-сентябрда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, келиндин жолдошу табыла элек. Мындан тышкары, келин клубдун кызматкерлерине каршы арыз жазган. Ал видеонун жайылып кетишине нааразы. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 186-беренеси («купуялуулукту бузуу») менен кылмыш иши козголду.