Жолду тороп алып, жол талашкан айдоочу кармалды (видео)

Жол эрежесин бузган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

8-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-чакырымынан KIA K7 үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу Мереседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаасын кысып токтотуп, жол талашып, жарандардын тынчтыгын алган. Бул факты боюнча Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочу аныкталып, Укук бузуулар кодексинин 189-38-беренелерине ылайык айдоочуга 30 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле КIA K7 үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына киргизилди.