13-сентябрда Токмок ШИИБге шаардагы Жантаев көчөсүндөгү үйдүн 5-кабатынан аял кишинин боюн таштаганы жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Жерине барган милиция 1987-жылы туулган аялдын мас абалында терезесинде турганын аныкташкан. Аял жөн эле терезеде турганын айткан. Кылмыштын курамы жок болгондуктан иш жабылган.