Жөө жүргүнчүнү өткөрбөгөн ИИМдин кызматтык унаасынын айдоочусу айыпка жыгылды

Жөө жүргүнчүгө жол бошотуп бербеген кызматтык унаанын айдоочусуна тийиштүү протокол толтурулуп, 3 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ошондой эле мындай укук бузууларга жол бербөө боюнча түшүндрүү иштери жүргүзүлгөн.