«Жоолугуна муунтулган». Сузакта «төркүнүмө кеттим» деген келиндин жансыз денеси табылды

Сузакта адам өлтүрүүгө шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 32 жаштагы район тургуну кайрылып, 23-декабрь күнү саат 09:00 чамасында 30 жаштагы аялы “төркүнүмө барып келем” деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аталган факты Сузак РИИБге катталып, дайынсыз болуп жаткан келинди издөө иштери башталган.

25-декабрь күнү саат 12:00 чамаларында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суунун ичинен дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, мойнунда аял кишинин жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы такталган. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүмүнүн себеби дем ала албай, абанын жетишсиздигинен улам келип чыккандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 1999-жылы туулган жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.