Экс-премьер Жоомарт Оторбаевдин “Кумтөр” боюнча иши сотко өттү

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Ага карата козголгон кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнү такталды.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын «Кумтөр Голд Компани» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергени айтылган.