«Жоопкерчилик тартууга даярмын». Депутат Жаныбек Абиров Бишкектеги мушташ боюнча үн катты

«Жоопкерчилик тартууга даярмын». Депутат Жаныбек Абиров Бишкектеги мушташ боюнча үн катты. Ал 12-мартка караган түнү орун алган окуядан кийин бүгүн, 14-мартта биринчи жолу соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүүсүн жарыялады.

«Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен алар менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын. Мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет.

Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сурайм жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын», — деп жазылат билдирүүдө.