«Жубайына угуза элек дешти». Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыкта ата эки кызы менен көз жумду

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 5 адам каза болгонун билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине каза болгондордун арасында бир үй-бүлө мүчөлөрү бар экени маалымдалган. Редакция Түп районунун Михайловка айылындагы атын атагысы келбеген тургун менен байланышканда ата эки кызы менен каза болгонун айтышты.

«1980-жылы туулган киши 1 жана 14 жаштагы кыздары менен көз жумду. Фольксваген Пассат унаасында 5 киши болгон экен. Аялы менен дагы бир кызы ооруканада жатат. Аялы өзүнө келди дешти. Бирок кыздары менен күйөөсү каза болгонун айтыша элек экен. Абалы начарлап кетиши мүмкүн дешти. Дагы экөөнүн сөөгү Түптө жерге берилип жатат деп уктук», — деди ал.